Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик иш  сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

Жолугушууда тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташтыкты арттырууга басым жасалып, казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын абалы жана келечеги талкууланат деп пландаштырылууда.

Ошондой эле, мамлекет башчылары Борбордук Азиядагы, ЕАЭБдеги жана башка көп тараптуу түзүмдөрдөгү интеграциялык процесстердин өнүгүшү, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууну пландаштырууда. Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Эске салсак, Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган.