Чүй облусунун Сокулук районунда 9-класстын окуучусу спорт залда асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү Сокулук РИИБине 14 жаштагы Б.В. аттуу кыздын асынган абалда табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

«Сокулук РИИБинин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгышкан, анда денеден аркан изинен башка бөтөн издерди табышкан эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтлат  маалыматта.