Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт. Вице-мэр Айжан Чыныбаева билдиргендей, шаар бийлиги мекемелерди ачууга даяр, бирок акыркы чечимди чыгаруучу республикалык штаб уруксат берген жок.
Талап боюнча балдар шахматтык негизде отургузулуп, бир катар эрежелер сакталышы керек. Бирок мектептерде балдар жыш жайгашкандыктан норманы толук сактоо мүмкүн эмес.
Учурда билим берүү мекемелеринде COVIDге чалдыккан балдарды аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетсек, борбор шаардын мектептеринде балдардын топтолушу 211 пайызды түзөт. Жалпысынан 200 миң окуучу бар.
Булак: Биринчи радио