Дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский пневмониянын белгилерин санап өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

Анын айтымында, пневмониянын негизги белгиси жөтөл болуп эсептелет. Ошондой эле оорунун белгилеринин бири катары, суук тийип ооругандан  кийин начарлап кетүү же беш күндөн ашык созулган ооруну атады. Ошол эле учурда, дарыгер терең дем ала албагандыкка жана теринин бозоруп кетүүсүн байкоого кеңеш берет.

Адис кошумчалагандай, денеде төмөн температура болуп, дем алууда энтигүү жаралса бул да пневмониянын белгиси болушу мүмкүн, ал эми жогорку температурада парацетамол же ибупрофендин таасири болбойт. Эгерде бул белгилер табылса, тезинен адистердин жардамына кайрылууңуз керек.

Пневмония — бул өпкөгө таасир этүүчү курч респиратордук инфекциянын бир түрү. Заманбап медицинанын жетишкендиктерине карабастан, пневмония өлүмдүн жыштыгы боюнча бардык жугуштуу оорулардын арасында биринчи орунда турат.