Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган жайдын аты Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүлдү.

«2021-жылдын 22-февралындагы №57 токтомуна ылайык, «Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын» деген сөздөр «Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын», — деп жазылат өкмөттүн токтомунда.