Казакстандын Актау шаарында 10 айлык наристе жана анын энеси белгисиз химиялык заттан ууланып каза болду, 9 адам жаракат алды, деп билдирет Интерфакс.

Облустук коомдук байланыш борборунан билдиришкендей, Актау шаарынын тургуну таракандарды жок кылуу максатында, кошуналарына эскертүүсүз батирин дезинфекциялаган. Натыйжада, бир аял жана 10 айлык бала ууланып көз жумган.

Каргашалуу окуя 27-февралда Актау шаарынын кичирайондорунун бириндеги көп кабаттуу үйдө болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. ИИМ «санитардык эрежелерди же гигиеналык нормаларды бузуу» беренеси боюнча тергөө алдындагы текшерүүнү жүргүзүүдө.