Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 1-мартта коомдук коопсуздукту камсыздоодо үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу,    уурулук, анын ичинде мал уурулугуна каршы күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМдин башчысы, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыштарынын жана жоруктарынын бардык фактыларын сапаттуу жана мыйзам чегинде акыйкат иликтөөгө, жергиликтүү бийлик органдары, социалдык кызматкерлер менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюну үзгүлтүксүз жүргүзүү керектигин белгиледи.

Министр аталган багытта милициянын көчмө кабылдамалары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөттөрү, алдын-алуу борборундагы жаштар, аялдар кеңештери  менен биргеликте алдын алуу  иш-чараларын күчөтүүнү талап кылды. Алсак, 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча аналитикалык отчетунун негизинде, 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Анын көпчүлүгү Бишкек жана Чүй областында  катталууда. Зомбулук жасаган адамдарга карата 632 убактылуу коргоо ордерлери берилген.

Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө уурулук кылмыштары, анын ичинде мал уурулук кылмыштарына бөгөт коюу максатында жергилктүү бийлик органдары менен биргеликте комплекстүү иш-чараларды колго алууну, коншу Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан республикаларынын ИИМдери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштардын бетин ачуу жана уурдалып кеткен малдардын артка кайтарып алуу багытындагы иштерди күчөтүүнү да талап кылды. Милиция жергиликтүү бийлик органдары, базарлардын жетекчилери менен   биргеликте бардык мал базарларда видеокөзөмөл- байкоо орнотуу багытында иш жүргүзүү зарыл. Ошондой эле мал уурулукка  байланыштуу кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөөгө жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларды койду.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени   коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу   үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат.

Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып аны аткаруу боюнча иш -мерчемдер белгиленди.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы