Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен жакынкы аралыкта электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер биздин Токтогул суу сактагычындагы абал азыркыдай эле өнүксө, анда ал кооптуу абалга келет. Ошондуктан, Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо маселеси каралып жатат.

Казакстан Республикасы биздин өлкөгө 0,9-1 миллиард кВт электр энергиясын экспорттоого даяр экендигин билдирди.

«Өзбекстан менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде биз сырттан энергия албасак, анда өлкөбүздү өзүбүздүн күчүбүз менен электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз керек, бирок натыйжада вегетация мезгилинде эч кимге суу жетпей калат. Натыйжада, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөндөйт. Ошондуктан, биз энергияны импорттошубуз керек. Бул баарыбызга жагымдуу болот. Натыйжада, биз вегетация мезгилинде мамлекеттер аралык милдеттенмелерибизди аткарабыз деп ишенебиз ”, — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.