Азыркы учурда Баткен облусунун Лейлек районунун күйүүчү май сатуучу жайларында, күйүүчү май сатылып жатат. Бирок, акыркы суткада күйүүчү майга, (бензинге) болгон  тартыштык жаралгандыгы анык. Ага Бишкек шаарынан күйүүчү  майдын аз өлчөмдө келип жаткандыгы себеп болууда. Бул тууралуу  КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Азыркы учурда Бишкек шаарынан  Исфана жана  Сүлүктү шаарына  күйүүчү май келе жаткандыгын маалымдайбыз.

Бүгүн 1-март саат 13:00гө Лейлек районунда 142миң 317л. 92 маркасындагы бензин, 6100л. 95 маркасындагы, 39миң 685л 80 маркасындагы бензиндин, 767миң 219 л солярканын запасы бар экени такталды.

Райондо 42 май куйуучу жай иштеп жатат. Анда бензин тартыштыгы жаралган, бирок  дээрлик баарында солярка бар.

Белгилей кетсек, 27-февраль күнү КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек аралаш аймактарда жумушчу сапары менен болгон.

Облус башчысы аткезчиликке бөгөт коюу, аткезчилик тобокелчилиги бар жолдордо көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Натыйжада акыркы эки суткада аткезчилик менен күйүүчү май ташып бараткан 5 унаа кармалды.

Ошондой эле облустагы күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу максатында, кошуна мамлекеттерге мыйзамдуу түрдө да күйүүчү май ташуу токтоду.