Баткен облусундагы А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын март айына карата репертуары жарыяланды:

2-март, саат 14:00дө. КРнын эмгек сиңирген артисти Мансур Парпиевдин онлайн чыгармачылык кечеси Салам медиасында түз эфирде.
6-март, саат 18:00дө. «Сагындым жазды» аттуу театралдаштырылган концерт. Апаз Жайнаковдун туулган күнүнө карата анын обондору жаңырат.
5-март, Ак калпак күнүнө акцент берүү телеканалдар жана интернет баракчалар аркылуу.
8-март, саат 16:00дө. Театрдын мырзалары Айымдардын эл аралык күнүнө карата театралдаштырылган майрамдык маанай тартуулайт.
15-март, саат 14:00дө. Кош жылдыздар Каламбек Маккамов жана Парихан Момунованын онлайн чыгармачылык кечеси Салам медиасында түз эфирде.
21-март. Эл аралык Нооруз майрамына карата Нооруздун келип чыгышын баяндаган тасма телеканалдар жана интернет баракчалар аркылуу.
22-27-мартка чейин «Театр жумалыгы» Эл аралык ТЕАТР күнүнө карата атайын жумалык иш чара. Жумалыктын өтүү тартиби өзүнчө жарыяланат.
30-март, саат 14:00дө. Көп кырдуу музыкант Карим Дыйкановдун онлайн чыгармачылык кечеси Салам медиасында түз эфирде.
Театрдын директору: Мамажан Бердишев
Көркөм жетекчиси: Курманбек Ниязбеков