Кайын энемдин күндөлүгүн таап алдым. Колума алып окуганда күтпөгөн нерсеге күбө болдум…
Бир күнү үй жыйнап жатсам, кайын энем «сандыктагы нерселерди эшикке жайып, шамалдатып, күнгө бир аз кактап кайра киргизип кой» деди да, өзү кошуна эже менен тушоо тойго кетти. Сандыкта соонун көз жоосун алган материалдар бар экен. Баарын сыртка чыгардым. Бир кезде кичинекей курактан колго тигилген куржун бар экен. Ичинде кайын энемдин шуру мончоктору анан кичинекей сырты булгаарыдан блокнот салынып туруптур. Апам өзү көп жылдар бакчада директор болуп иштеген адам. Блокнотто эмне жазылган деп аябай кызыктым да ачып окуй баштадым.
«Уйкудан көзүмдү ачсам, мурдума тамактын жыты келди. Демек келиним ашканада дагы бир нерсе жасап жатат. Келиним чынында жакшы жердин кызы. Келгенине 9 жыл болуп калды. Жылуу мамилеси менен өзүнө имерип алды.
Улуу баламды үйлөгөндө бир топ ойлондум. Кандай кызга туш болот. Үйүмдүн босогосун ким аттайт деген түмөн түйшүк санаа ойлор курчап алды. Бактыма жакшы кыз туш болду. Балким, ошол кызды жакшы кылып күтүп, катуу айтпай алдап айтып, кээде тамашага салып, кээде бирөөнүн келинин мисал кылып, эми сен ага караганда жакшысың, андай кылбагын деп тарбиялап алгынымда болду окшойт. Ал ката кетирсе, бир жумушту туура эмес жасаганда өзүмдүн жаш кезимди эстейм. Кайын энемдин катуу айтканы, жашынып ыйлаган күндөрүм көз алдыма тартылат. Ошол кезде мен келин алсам катуу айтпайм. Алдап айтам көңулүн оорутпайм дечү элем. Чын да, ал да бирөөнүн периштеси. Менин үйүмө жаман баламды деп, ата-энесинин кучагын таштап, жумшак уясынан меникине келип жатса.
Кээде өз кызымды элестет элем. Кайын энеси катуу айтса, байкушум, жүрөгү муздап, мени эстеп көздөрүнөн мөлт-мөлт кулаган жаштарды эстеп жүрөгүм ооруп кетчү. Балким, мен келиниме жумшак болсом, жылуу сүйлөп, көңүлүн улап турсам ал да мага жакшы мамиле жасаары айдан ачык эмеспи.
Кээде айылчылап, өзүм теңдүү айылдаштар шеринеге барып калсак, айырмдар көз көрүнөө келинин жамандап кирет. Ойлоп калам, сенин тукумуңду улап, уулуңдүн жакасын агартып, сага чай берген келинди эмнеге өзүңө ыктап тарбиялап албайсың деп. Кээ бир аялдар бар, балдарын кулагына ар нерсе айтып, аялың туура эмес жумуш жасайт, эч нерсе билбейт деп уулу менен келинин ортосуна от жагып, баланы да келиндин да жүрөгүн ызага толтуруп, бүлөсүн бузган апалар да жок эмес.
Келин сенин үйүңө урушайын, жек көрүнөйүн, тил угайын деген ойдо келбейт да. Жүзүмдү элестетем. Бир эле кичинекей чыбыктан, көлөкөсү көп, мөмөсү ширин өсүмдүк. Эгер ага маалында суу куюп карасаң. Келин деле ошондой. Жылуу жумшак мамиле менен бактатып, мөмөлөтүп аласың.
Келин алгачкы келген күнү кандай назик, кандай сулуу, кандай мээримдүү. Анан жыл өткөң соң, анын катаал болуусуна, же ажарын ачып, бактылуу апа болуп аялдык бактыга ээ болуусуна түздөн-түз биз кайын энелер себепкер болобуз», – деп жазыптыр.
Окуп алып бир башкача болуп кеттим. Кээде апама таарынган мүнөзүмдү ойлоп уялып кеттим. Аңгыча эшиктен, жолдошум чакырып калды, куржунду аярлап ордуна салдым да сыртка чыктым. Арадан канча күн өтсө да блокнотто жазылгандар көз алдымда тизилип, апама чай сунуп, айтканын жасаган сайын эсиме келип турду …
Автор Жазгүл Баяналиева
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.