Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапар менен Казакстан Республикасына кетти.
Нур-Султан шаарында Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.
Ошондой эле, Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.
Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;
— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;
— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;
— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.