Кыргызстанда бир суткада коронавирус 57 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 24, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда бир кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 59 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирустан – 17, Ош облусунда – 7, Чүй облусунда – 23, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда — 5 киши айыгып чыкты”, – деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду.