СССРдин мурунку президенти Михаил Горбачев өзүнүн 90 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Анын жакындарынын айтымында, СССРдин биринчи президенти майрамды жакын достору жана санаалаштары менен өткөрүүнү көздөп жатат. Горбачев билдиргендей, ал буга чейин эле лидерлерден, жөнөкөй жарандардан куттуктоолорду кабыл ала баштаган.

Бүгүн, 2-мартта Михаил Горбачев 90 жашка толду. Саясатчы 1985-жылдан 1991-жылы СССРди кулаганга чейин башкарган.