Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.
Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигине салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар декларацияны тапшырууга милдеттүү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.
Эскерте кетсек, юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-мартта аяктады.
Толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.