Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районундагы «Artel» ишканасы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, таанышуу учурунда ишкананы кеңейтүү боюнча сунуштар талкууланды.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Андижан айылында кыргыз-өзбек биргелешкен «Артель Электроникс» жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барат.

Учурда ишканада муздаткычтарды иштеп чыгаруучу цехти ишке киргизүү пландаштырылууда.

Маалымат үчүн: «Артель Электроникс» ЖЧКсы кир жуучу машиналарды даярдап чыгарат. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү, бир айда — 2000 даана. Өндүрүлгөн продукциянын сатуу баасы даярдалуучу материалга жараша, бир кир жуучу машинанын баасы 5 000-6 000 сомго чейин. Цехте иштеген жумушчулардын саны 80 адам, жумушчу орундарды 100гө чейин жеткирүү пландаштырылууда. Орточо эмгек акы 10 000-15 000 сомго чейин. Иштеп чыгаруу цехтин аянты – 1 000 чарчы метр.