Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенконун тун уулу Виктор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет башчысынын жардамчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу БелТА маалымдайт.

Тиешелүү жарлыкка президент 26-февралда кол койду. Виктор Лукашенконун отставкасы анын башка кызматка өткөнүнө байланыштуу экени маалымдалды.

26-февралда мамлекет башчынын уулу Улуттук олимпиадалык комитеттин (УОК) төрагалыгына киришти. Ал бул кызматка бөлүмдү 1997-жылдан бери жетектеген атасы Александр Лукашенконун ордуна келди. Виктор Лукашенко 2019-жылдан бери УОКтун биринчи вице-президенти.