Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү жолдору боюнча пикир алмашты.

Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан эли ага чоң ишеним артканын баса белгиледи.

Ал Садыр Жапаровго Кыргызстан элинин жаркын келечегин куруу жолундагы ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди.

Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Садыр Жапаров мындай тили жана каада-салты окшош элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин айтты. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун, эл аралык интеграциясын жана экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган күч-аракеттери тарыхта каларына бекем ишенерин айтты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы анын Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү жана достук мамилелерди орнотууга кошкон салымын жогору баалады.

«Боордош Казакстанга биринчи мамлекеттик сапар менен келүү биз үчүн чоң сыймык. Эки элдин ортосунда түзүлгөн бир туугандык жылуу мамилени сиздин колдооңуз менен сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө умтулабыз», — деп белгиледи ал.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге бекем ден-соолук, узак өмүр жана ишине ийгиликтерди, ал эми Казакстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.