Бүгүн 3-мартта өлкөнүн аймактарында жаан, кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометеорология агенттиги билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;
Суусамырда түнкүсүн -19…-24, күндүз -2…-7;
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;
Бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градус суук болот.