Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.

Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.

Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.

Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.

Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында «Ала-Тоо» эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.