Бүгүн, 3-мартта Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жеке ишкер Исманали Жороев өз каражатына бийиктиги 25 метр болгон туу (флагшток) орнотуп, мамлекеттик туу күнүнө карата ачылуу аземи болду. Иш-чарага райондун жашоочулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, мамлекеттик туу күнүн белгилешти.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы Исманали Жороевдин райондун социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Лейлектин ардактуу атуулу» наамын тапшырды.

Кыргыздын мыкты уулу, мекенин сүйгөн Исманали Жороевдин жасаган иштери улуу-кичүү муунга үлгү болот. Сыйлыгы кут болсун! Туубуз дайыма желбиреп, мекенибизде тынчтык болсун!