2021-жылдын 1-март күнү интернет булагынын социалдык тармактарында «7 канал official» инстаграмм баракчасында белгисиз ок атуучу куралдан ок чыгарып, курал көтөргөн окуучулар деп аталган видео тасма таркаган.

Аталган жагдай 01.03.2021-жылы Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРне катталып, тергөө амаладыры башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине белгисиз ок атуучу куралын атып жана алып жүргөн окуучу балдарды тактоо боюнча тергөө тапшырмасы берилген.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралын аткан жаш өспүрүмдөр Өзгөн районунун тургундары 17 жаштагы К уулу Б жана И.Р. экендиги аныкталган.

Тергөө тобу тарабынан белгисиз үлгүдө болгон ок атуучу куралына кечиктирбестен алуу жүргүзүү жөнүндө токтом кабыл алынып, Өзгөн районунун тургуну 17 жаштагы И.Р. агасы М.Унун катышуусунда бир даана 12 калибирлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынган.  Ошондой эле ок ууу куралды ып видеого түшкөн балдар жакындарынын катышуусунда тергөөгө чакыртылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө: 2020-жылдын сентябрь айынын орто ченинде кундагы жок куралды жана аны менен бирге 1 даана ок-даарыны үйүнөн алып чыгып,   айылдын четине классташ досу 17 жаштагы К. уулу Б. жана айылдашы 16 жаштагы С.Дны жолдон жолуктуруп, Р.Инин уюлдук кол телефонуна Интернет тармагына жайылган видео тасманы тартып алышкан. Ок атуучу куралынан К. уулу Б. ок чыгарып аткан, Р.И. “ Аллоху-Акбар” деп кыйкырып үн салган, ал эми Д.С. уюлдук кол телефонго видео тасмага тартып тургандыгы аныкталган. Р.И. тасмага алынган видеону “Вотсап” аркылуу досторуна жиберип, андан ары интернет тармагына тарап кеткендиги белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы