Коррупция фактысы боюнча «Кыргыз көмүр» МИ жана КР Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери кармалды

 2021-жылдын 2-мартында КР УКМК ККК кылмыштардын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) боюнча «Кыргызкөмүр»мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече»филиалынынкызматкерлери жана ошондой эле КР Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Турускул» салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалышты.

Такталгандай, «Кыргызкөмүр»мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече»филиалынын кызматкерлери унаанын бир бирдигин тоскоолдуксуз жүктөө үчүн, 1000 (миң) сомдон ар бир айдоочудан алып турушкан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15376 жүк ташуучу унаага жүк жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде тыныгуучу унаалардын саны 22 миң 199 түзгөн, Натыйжада «Кыргызкөмүрдүн» кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Каражаттарды алуунун ушундай схемасы «Турускул» салмак-габариттик контролдоо инспекторлору тарабынан уюштурулган,аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн,атап айтканда ташылган көмүрдүн уруксат берилген массасынан ашыкча ар бир айдоочудан 500 сомдон өндүрүлгөн.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.