Бул тууралуу экс-премьер-министр Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында,  баягыл эле саясий куугунтук, акыйкатсыздык уланууда.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

“Урматтуу мекендештер!

КРнын Жогорку Соту ЖЭБдин иши боюнча өкүмдү кайра карап чыгуудан баш тартты жана эски өкүмдү күчүндө калтырды. Баягыл эле саясий куугунтук, акыйкатсыздык уланууда. Мен бул окуяда кадыресе акыл –эстүулүк жана адамкерчилик баары бир жеңет деген үмүтүм болгонун жашырбайм. Анын үстүнө буга чейин ат майданы жана Тарых музейи боюнча кабыл алынган соттун чечимдери жокко чыгарылганы маалым. Бул чечимдерди да ЖЭБ боюнча чыгарылган принциптей эле эч бир далили жок, жасалма экспертизалар менен кысым астында жана коркутуп үркүтүү менен алынган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарышкан эле.

Тилекке каршы, менин үмүтүм ишке ашкан жок. Бул бир гана нерсени айтып турат: Жээнбековдун режими менден корксо, бул бийлик да менден коркуп жатат. Ошондуктан мага карата жасалып жаткан иштердин бир гана себеби бул – коркуу.

Өткөн жылдын октябрь айында менин көзүмдү тазалоо боюнча буйрутма берилген. Менин машинеме тапанчадан ок атышты. Бул буйрутма дагы эле күчүндө экенин мен билем. Мага өмүрүмө коркунуч жараткан түрмөгө кайтып барууга болбойт эле. Анткени ошондо мага жардам берген, азыр да жардам берип жаткан кыргызстандыктарды кооптуу тобокелге салып бергим келбейт. Буюрса, жакынкы убактарда мезгил келет, ошондо мен чындыкты элге ачык айтам.

Мен мындан ары кыгызстандыктарга өзүмдүн позициямды түшүндүрүп, пикирлештерди тапканга аракет кылам. Биз күчкө салбаган иш аракеттерсиз эле бара –бара өлкөдөгү кырдаалды жакшы жагына өзгөртө алабыз. Туура, бүгүн Кыргызстанда чындыкты айткан блогерлерди, журналисттерди, коомдук ишмерлерди куугунтуктоо жүрүп жатат. Бирок чындык сөздү эч ким жок кыла албайт. Бирөөсүн камаса, ордуна башкасы келет. Биздин эл эркиндиктин абасынан дем алып көнгөн жана муну эч ким андан тартып ала албайт.

Акыркы үч жылда мен жашоодогу көп нерселерди кайрадан ойлонуп, аң-сезимимден сыдырып чыктым. Абактагы жашоонун атам замандан бери келаткан “Ишенбе, коркпо, сураба!” деген айныксыз эрежеси бар. Менин да эч кимден бир нерсе сурайын деген оюм жок»,-деген ал.