Окуя 28-февралда Вьетнамдын борбору Ханойдо болгон. 31 жаштагы жеткирүү кызматынын айдоочусу өз өмүрүн тобокелге салып, баланы куткарып калды деп жазат Vietnam Times.

Нгуен Нгок Манх унаада отурганда, ыйлап жаткан наристе менен аялдардын кыйкырган үнүн укту. Баланын 50 метрдей бийиктиктеги балкон тосмосунун артында тургандыгын көрүп, наристе кулап кетсе аны тосуп алуу үчүн жогору көтөрүлөт. Кыз жыгыла баштаганда, Нгуен алдыга чуркап барып, аны кармоо үчүн эки колун сунган. Медициналык кароодо ымыркайдын колу жана буту сынганы айтылган. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

«Бактыга жараша, бала менин койнума түштү. Мен аны шашылыш кучактадым, андан кийин оозунан кан агып жаткандыгын көрүп, аябай коркуп кеттим », — деди Нгуен.