Бүгүн Бишкектеги эски аянтта Дүйнөлүк банктын «COVID-19» долбоорунун алкагында сатылып алынган «Нива» маркасындагы 15 санитардык автоунаасын аймактарга тапшыруу салтанаты өттү.

Маалыматка ылайык, Баткен, Чүй, Талас облустарына – бирден, Нарын, Ысык-Көл облустарына – экиден, Жалал-Абад жана Ош облустарына – үчтөн, андан тышкары Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборуна – эки унаа берилет.