КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Көлбаевге карата (Камчы Асанбек) баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2020-жылы 22-октябрда кылмыштуу коомчулук түзүү фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кримтөбөл К.Асанбек кармалып, соттун чечими менен ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Камакта кармоо мөөнөтү 2021-жылдын 22-мартына чейин узартылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жактоочусу тарабынан баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз берилген.

2021-жылы 2-мартта Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жактоочунун жүйөөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, адвокаттардын арызы канааттандырылып, К.Асанбекке карата жашаган жеринен, башкача айтканда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынан кетпөө жөнүндө жазылган милдеттенмесинин негизинде баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Алынган милдеттенмени көзөмөлдөө УКМКга жүктөлду. Муну менен катар тергөө органы тарабынан алынган көрсөтмөнү бузуу катталса ага карата катаал чара колдонулары тууралуу түшүндүрүлдү.

УКМК тарабынан К.Асанбекке карата 250 млн сом өлчөмүндөгү кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында анын туугандары тарабынан аманат эсебине 49,6 млн сом төлөндү. Тергөөнүн алкагында, мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке кайтарып берүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлөт.

УКМК жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу коомчулукка өз убагында жеткирип турат жана кримтөбөл К.Асанбек тарабынан туура эмес жүрүм-түрүм болгон учурда мыйзамда каралган чараларды көрөт.