Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун Сот департаментинин статс-катчысы К.С.А. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал коррупциялык схемаларды түзгөн деп шектелүүдө.

Мекеменин сайтында Калмаков Сталбек Аманатович статс-катчы экени көрсөтүлгөн.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, тергөөгө ылайык, 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн «Сот тутумунун карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалыматтык системаны, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча формалдуу түрдө тендер өткөрүлгөн. Анда IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзүлгөн.

Бирок, маалым болгондой, айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.

«Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялар менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышкан», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Статс-катчы бул кылмыштуу системага тийиштиги бар деген шек менен кармалды. УКМК буга чейин аталган иш боюнча «Адилет сот» долбоорунун башчысы С.К.А. кармалганын билдирди.

УКМК, ошондой эле, IT-компаниялардын бири жергиликтүү сот тутумун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча башка кылмыш ишинде каралып жаткандыгын, анын соттолуучусу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева экендигин билдирди.