Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасоо пландалып жатканы айтылды.
Бул тууралуу, Укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен, жергиликтүү маалымат каржаттары жазышты.  Учурда Раимбек Матраимов менчик клиникалардын биринде жатканы айтылган.

Маалыматты тактоо үчүн журналисттер УКМКнын басма сөз кызматына байланышканда, эч кандай комментарий бере албастыгын айтып, баш тартышткан.

Эске  салсак, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.  20-февралда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калтырылган.

Матраимовдун жактоочулары анын бошотулуусун талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында митинг өткөрүшкөн. Митингге чыкандардын арасында коомго таанымал депутаттар, журналисттер да болду.