Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын, ӨКМнин облустук башкармалыгы жана аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын адистеринен түзүлгөн мобилдүү топтор, аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Кечээ 2-мартта, мобилдүү топтор, Лейлек району менен чектешкен Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында, кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара-Худжанд жолунун боюнда жайгашкан, (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куйуучу жайларга (АЗС) кароо жүргүзүштү.

Адистер май куйуучу жайлардын ээлерине, мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган май куйуучу жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш аракеттерден алыс болуу боюнча эскертүүлөрдү беришти.

Белгилеп өтсөк, эл арасында, иштебей турган май куйуучу жайлар, кошуна мамлекеттерге аткезчилик менен, тымызын күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө, такталбаган маалыматтар тараган.

Аймактык салык кызматынын маалыматына таянсак, Исфара-Худжанд жолунун боюнда эле, Кыргызстанга тийиштүү 26 май куйуучу жайлар жайгашкан, анын ичинен бүгүнкү күндө, мамлекеттик салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) туташкан 17 АЗС иштеп жатат.

Ал эми калган 9 АЗС, АСУ системасына туташпагандыктан, салык кызматы тарабынан жабылган.

Лейлек районунда жалпы 73 май куйуучу жай катталган. Учурда анын АСУ системасына туташкан 42 иштеп жатат. 25 АСУ системасына туташпагандыктан, салык кызматы тарабынан жабылып, 6 ишке жараксыз экендиги аныкталган.

Жол боюндагы май куйуучу жайлардын көптүгүнө, адистер, эки мамлекеттин чек арасынан өткөн жолдогу, автоунаа кыймылынын көптүгү менен түшүндүрсө, облус аркылуу өткөн оор жүк ташуучу унаалардын көптүгүн, эл аралык келишимдерге ылайык, облус транзиттик жол экендиги менен түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек 1-мартта КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, облустун күч түзүмдөрү менен кеңешме өткөрүп, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды койуп, мыйзамсыз иш аракеттерге токтоосуз чара көрүү мезгили келип жеткендигин айткан.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүү боюнча атайын буйругу чыкты.