Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп Толкун Камчыбекова дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

Толкун Камчыбекова буга чейин «Кыргызалтын» ишканасынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.

Эскерте кетсек, Камчыбековага чейин өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчы кызматында Бакыт Рысалиев иштеп келген.