Ооруканада жатканыма бүгүн үч күн болду. Башында келгенде башым ооруп, жанымда жаткандарга деле көңүл бөлгөн эмес элем. Бүгүн мен эле эмес чогуу жаткан эжелер да өздөрүнө келип баарлашып баштадык.

Күндүзү туугандар тамак-аш алып келип, абалыбызды сурап кетишет. Түнкүсүн баягы эле төрт аял калабыз. Узун түндү кыскартып бир топко кобурашып жатабыз. Карап турсаң бүт эле аялдардын түйшүгүбүз, турмушубуз  окшош.

Төрдөгү керебетте сулуусунан келген 50 гө жакындап калган эже жатат. Күн сайын эки кызы же баласы кезектешип келип турушат. Улуу кызы менен баласы аябай  окшош, ал эми кичине кызы башкача. Ал тогузунчу класста окуйт  экен.  Сөздөн сөз чыгып, капталда жаткан келин тамашалап калды.

– Ыя, эже ошол кызыңыз башкача экен, кошунанын кызы эмеспи, – деп.

Эже жылмайып, анан, туура эле кошунанын кызы, – деп күлүп калды.

Эженин бул сөзүнө баарыбыз кызыгып, жаткан жерден башыбызды көтөрүп, суроолуу карап калдык. Биздин жузүбүздөн муну байкаган эже,  “болуптур анда силерге айтып берейин” деп калды.

– Кичине кызым  өзүмдүн кызым эмес, кошунамдын кызы. Бизге окшобогонун сыры ошондон. Бирок, аябай зээндүү, күйүмдүү кыз. Уктасам үстүмдү жаап, апалап турат. Бирок ага бул жөнүндө айта элекпиз. Чоңойсун кези келсе  угат да деп жүрөбүз.

Биз жолдошум экөөбүз баш кошуп, төрт балалуу болдук. Кичүү кызым төрөлгөндө, кайним үйлөнүп, кайынатам бөлүнүп түтүн булаткыла деп, жер сатып алып үй салып көчүп кеттик. Жаныбызда бизге окшогон жаш үй-бүлөгө кошуна болдук.  Кошуналар ынтымактуу элек. Алар үйүндө үчөө эле жашачу. Апасы, баласы анан келини. Күндөр өтүп кошуна келин кыз төрөдү. Баарыбыз кубанып ооруканадан чыгарып келдик. Кызы томпойгон аябай сүйкүмдүү кыз болуп чоңоюп жатты. Бир күнү кайсы бир майрам эле, кызын кемпирге калтырып кошуналар достору менен отурушка кетишет. Түн ичинде үйгө келе жатып, кырсыктап аялы күйөөсү экөө тең каза болушту. Ботодой боздоп байкуш кемпир жаш кыз менен кала берди. Кемпир жакшы карады кызды. Бирок картайып калгандыктан бир аз кыйналчу. Бир ирет үйгө чайга чакырдым. Чай үстүндө жолдошум экөөбүзгө ачык эле айтты.

– Менин көп деле жашоом калбады, ушул чүрпөгө көп ойлоном. Макул болсоңор көзүмдүн тирүүсүндө силерге ушул кызды өткөрүп берсем. Келиним интернатта чоңойгон, мунун тайлары жакты деле издеп таап бара турган алым жок. Силер менен канча жылдан бери чогуу турабыз. Өз балаңардай кылып багып алаарыңарга көзүм жетет, – деп калды.

Жолдошум ошол жерден, “Макул апа, көп ойлонбоңуз, бизге бешинчи бала болуп жүрө берет”, – деп калды.

Ошондон көп өтпөй кемпир да каза болду. Кыз биздин үйгө мурда эле көнүп калгандыктан көп деле кыйналган жок. Бизди «ата», «апа» деп атап калып балдарга кошулуп өстү. Кечээ мен ооруганда да ушул кызым сезип, апа бүгүн башкачасыз деп мектепке араң кеткен. Жолдо баратып кызым менен баламды кезиктирбептир үйгө эртерээк баргыла  апам ооруп жатат деп айтайын десе. Мектебине барып эжекесинен апам ооруп жатат деп суранып келиптир. Үйгө келсе эс учумду жоготуп жыгылып жатыпмын. Дароо жолдошума чалып аны чакырып, ал тез жардамга чал деген экен. Тез жардам келип өмүрүмдү сактап калды. Кан басымым жогорулап кетиптир. Азыр ойлоп жатам, бир кезде багып алган балам, өмүрүрүмдү сактап калды деп. Балким бул да болсо кайтар дүйнө дегенидир, – деп эже сөзүн жыйынтыктады.

Баарыбыз эжени карап, ойлуу отурдук. Карачы жашоону баардык нерсе өз-өз орду менен, кезек-кезеги менен өз агымында кете берет. Ким ойлоптур бакма кыз баарынан апасына күйүмдүү болот деп. Анын мамилесинен башка экенин, бөтөн экенин байкоого мүмкүн эмес. Эжеге келген сайын, жан алы калбай апасынын абалын сурап, үстүн жаап, алма жууп берип карайт. Өзүнүн кызы чоңоюп эс тартып калгангабы бир аз токтоо. Эмнеси болсо да аман болсун апакеси. Жаш болсо да зирек кыз, экинчи ирет апасын жоготуп алуу ал  үчүн оңойго турбашын сезип туят окшойт…

Автор  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.