Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун 1-окууда талкуулаган.Анда депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция элдин шору экенин айтып, Баш мыйзамда туура эмес эрежелер бар экенин билдирген.

Бул видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун баракчасы төмөнкүдөй комментарий калтырган.

Азыркы тапта бул билдирүү колдонуучулардын көңүлүн буруп, аны бөлүшүп, пикир жазгандар көп болууда.

Чуулгандуу комментарий боюнча президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректин айтымында, комментарийди Садыр Жапаров жазган эмес жана буга ал катуу тынчсызданып жатат.

«Талкууланып жаткан билдирүүнү президент жазган эмес. Анын баракчасын бузуп кирген кызыкдар тарап билдирүүнү жазса керек. Азыркы тапта бул тууралуу тактап жатабыз. Садыр Жапаров өзү да буга аябай ачууланып, тынчсызданып жатат. Билдирүү жазган адам аныкталса, чара көрүлөт», — деди Байтерек.