Казакстан Кыргызстанга ок-дары түрүндө жардам көрсөтөт жана радиолокациялык станция берет. Бул тууралуу брифингде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул маселе Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 2-3-март күндөрү президент Саыр Жапаровдун Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланган.

Казакбаев берилчү жардамдын көлөмү жана саны тууралуу так айта албасын билдирди.

«Мен жетиштүү болот деп айта алам», — деди КР ТИМ башчысы.