Аксы районунда массалык уулануунун себеби суу менен суюлтулган спирт болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-мартта саат 13.30дан 16.30га чейин Кара-Суу айылынын 19 тургуну кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар дасторкондо спирт ичимдиктеринен тышкары салат жана бешбармак бар экендигин айтышты.

«Азыр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана аймактык оорукананын адистер тобу биргеликте эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, майрамдын калган катышуучуларына үйүнө барып келишти. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет », — деп билдиришти департаменттен.

Белгиленгендей, бүгүн Аксы аймактык ооруканасына тамак-аштан ууланган төрт жабырлануучу кайрылган, алардын үчөө реанимацияда көрсөтүлгөн жардамга карабастан көз жумган. Бир жабырлануучу терапия бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Дагы үч жабырлануучу үйүндө каза болду.