Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов жергиликтүү маалымат булактарына  билдирди.

Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүнүн ичинен көбүрөөк арзандаган.

«Март айында баалар өсөт. Жеке компаниялар чыгым тартыш үчүн иштебейт. Алардын маржасы минималдуу. Мартта баалар сөзсүз өсөт. Божомолубуз боюнча 6-7 сомго кымбаттайт», — деди Эшатов.

Буга чейин аталган ассоциация 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.

Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.