«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасыныны кызматкерлери мамлекетке 2 миллиондон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Анда «Аскер курулуш» мекемесинин кызмат адамдары, коронавирус инфекциясынын алкагында «Ганси» борборунун имаратын дарылоо-обсервациялык пункту катары иштетүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган деп айыпталууда.

«Ишкананын кызмат адамдары, айрым курулуш ишканалары менен жең ичине сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулаткан. Колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайлап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкен. Натыйжада мамлекетке 2 500 000 сомдон ашык зыян келген», — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.