Экс-министр Тилек Токтогазиев мектептерде дааратканаларды  АШАР ыкмасы менен оңдоп чыгалы деп сунушун  инстаграм баракчасына жазды.

Анын айтымында, мектептердеги эски, кир дааратканалардан  балдар  ар кандай жугуштуу  оорууларды жуктуруп алуусу мүмкүн.

“Кыргызстандын көпчүлүк мектептериндеги ажатканалар ушундай көрүнүштө.

 

Өзгөрүүнү ар бир адам өзүн сыйлоодон башталууга тийиш. Биздин балдар ушул дааратканаларга барып, ар кандай жугуштуу ооруларды жуктуруп алышат. Биздин медицинада, бул көп учурда аянычтуу кесепеттерге алып келет.

Бул түшүнбөстүктү АШАР ыкмасы менен оңдоп чыгалы деп сунуш кылгым келет.

Мен буга чейин инженерлер тобун чогултуп, технологиялык чечим даярдап жатабыз.

Жаңы дааратканаларды тазалоочу жайлар менен камсыз кыла турган мектептердин тизмесин түзүп жатабыз.

Мындай дааратканалардын бирөөсү 7 миңден 12 миң долларга чейин барат.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн Беш-Күнгө айылындагы мектепти тандап алдык.

Мен АШАР жарыялайм! Бизге кошул!

Бардык суроолор боюнча +996 550 330 388 номуру аркылуу Айдайга кайрылсаңыз болот”-деген ал.