Түркияда төрт жаштагы кыргыз кыз зордукталды. Ал эми шектүү кармалды. Бул тууралуу Sozcu жергиликтүү гезити жазып чыкты.

Маалыматта, окуя 2-мартта, Түркиянын Кудаша айылында жашаган кыргыз келиндин үйунө анын тууганы төрт жашар кызы менен каникул учурунда эс алууга келген. Ага чейин жабырлануучу кыздын апасы Россияда иштеген. Эже сиңдилер каникул учурунда көрүшүүнү пландап, эжеси кызы менен эс алууга күйөө баласыныкына келгени айтылат. Апасынын айтуусунда:

«Түнкүсүн М.У. кызымдын жанымда жок экенин байкадым.   Сиңидимен телефон чалып сурасам жаныбызда отурат деп жооп берди. Мен ойлогом алар уктап жатса керек деп. Алып кеткени барсам кызымдын абалы башкача болуп туруптур. Суроолорго жооп берип жатып, кыз зордукталганын айтты. Көрсө кызымды ойноп отурган жеринен жетелеп кетип зордуктап коюптур », — деп айтылат билдирүүдө.

Кыздын  энесинин арызынын негизинде 27 жаштагы Х.А.  камакка алынды. Белгиленгендей, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон.