“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынактын жыйынтыгы чыгарылды.  

Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Сынактын  максаты өлкөнүн жана өз жамааттарынын өнүгүшүнө мигрант кыз-келиндердин позитивдүү салымын, ошондой эле алардын тынчтыкты жаратууга жана сактоого салымын кеңири чагылдыруу болгон.

Сынакка  республикалык жана аймактык ММКларда иштеген 30 журналисттен  40 эмгек келип түштү. Алар медиа жана миграция чөйрөсүндөгү эксперттерден турган калыстар тобу тарабынан дыкат каралып, жыйынтыкталды.

Калыстар тобунун чечими менен  биринчи орун “Баткен ТВ”  аймактык телеканалынын журналисти  Миңгүл Көчөровага ыйгарылды. Ал өзүнүн репортажында  чек арага чектеш жайгашкан Көк-Таш айылында жашаган  Салиха Эгембердиеванын ишмердиги тууралуу чагылдырган. Бул каарман мурда миграцияда  болуп, иштеп келген, азыркы учурда  кыргыз жана тажик элинин ортосундагы ынтымакты камсыздоо иш чараларына активдүу катышып, өзү да уюштуруп келет. Ошондой эле  ар кандай социалдык долбоорлор менен иштешип, айылдагы жаштарды иш менен да камсыз кылган. М.Көчөрова  өзүнүн берүүсүндө  кесиптик мыкты чеберчилигин көрсөтүп,  теманы терең ачып бере алган.

Экинчи орунду  “Кутбилим” газетасынын кабарчысы Гүлнара Алыбаева өзүнүн “Басмакана ачкан элеттик мугалим” аттуу макаласы менен жеңип алды.

Үчүнчү  эки орун  24.kg Маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Масалиевага жана Kadam-Media.kg порталынын кабарчысы Кубанычбек Маматали уулуна миграциядагы аялдар темасына жазылган макалалардын сериясы үчүн ыйгарылды.

Андан тышкары  10 катышуучуга кызыктыруучу сыйлыктар  берилди.