Гейдельбергдеги Макс Планк астрономия институтунун (Германия) окумуштуулары Жерге жакын, салыштырмалуу , 26 жарык жыл аралыгында жайгашкан, кызыл карликтин айланасында орбитада ысык, супер-жер Глизе 486 табылгандыгын билдиришти. Бул тууралуу Science журналына жарыяланган макалада айтылат.

Окмуштуулар, Испаниядагы 1.52 метрлик Карлос Санчес телескопундагы MuSCAT2 камерасынан алынган маалыматтарга анализ жүргүзүштү. Глизе 486b деп аталган экзопланетанын массасы Жердикинен 2,8 эсе, ал эми көлөмү 30 пайызга чоң.

Глизе 486b күндү  1,5 күндө, 2,5 миллион чакырым аралыкта айланып өтөт. Жылдызга жакын болгонуна карабастан, планета өзүнүн алгачкы атмосферасын сактап калган. Ал, ар дайым күндү бир тараптуу карайт. Анын күндү караган бети 700 Кельвинге чейин ысык болгондуктан, анын  шартты Венерага окшош.

Окумуштуулардын айтымында, эгер планета жүз градуска  ысык болсо, анын үстүңкү бетин лава каптап, атмосфера бууланган тектерден турмак.