Түн… Үйдө жалгызмын. Курсагымда балам улам сен жалгыз эмессиң деп тээп коет. Аны менен сүйлөшөм. Саатты карайм. Мындайда такыр жылбай калат.  “Азыр барам” дегенине мына туура 3 саат өттү.  Китеп окуп жатып уктап кетиптирмин, балам курсагымды катуу тепкенде чоочуп кеттим. Саатты карасам таңкы 5 болуптур. Жолдошум дагы деле келбеди. Анан ойлонуп баштадым. Эмне болду, кырсыктадыбы? Же кыздар менен кеттиби, жанагы бойдок досуна кошулуп. Ар кандай ойлор мээмди чулгап, анын саунада, же мейманканада башкалар менен болгонун элестетип, төбө чачым тик туруп, болду таң атканча келбесе анда мен да кетем деп кайра жаттым.

Уйку жок.  Телефон карадым, инстаграммды ачтым, одноклассникке кирдим. Айтор, эптеп убакыт өткөрүп саат 7 болгондо чай ичтим.  Жолдошума телефон чалсам өчүк телефону. Туура өчүрөт да, жанында жаткан кызга аялым чалып жатат, ал үйдө жалгыз деп айтмак беле. Атайын өчүрдү, мага келип заряд өчүп калыптыр дейт. Мына саат 8 болду жумушу башталат. Азыр саат 11 болсун такси чакырып мен да кетем,  Алинанын жанына барып бир күн жатып келбесем! Сен да изде! Ойлон мен сыяктуу! Ушунтип өзүм менен өзүм сүйлөшүп жатып түшкө жакын такси чакырдым.

Такси айдаган байке өңүмө тигиле карап, “Кайда?” деди.  “Ала-Тоого” деп туруп, “Жок Туңгучка” дедим. Байке мени таң кала карады. Түнү менен уктабай, суу көп ичкенге шишип калыпмын.  “Ошондо, Туңгучка  айдайынбы» деп  акыркы жолу сурады. “Ооба”  деп кыска жооп бердим.

Байке менин абалымды айттырбай түшүндү окшойт.

– Эмне болду кызым, түнү менен күттүңбү? – деп сурады. Ал жок келбеди, ойлоруң ар тарапка чачырады. Туура кызым, биз эркектер ушундай жаралганбыз. Капа болбо, баары бир сага келет, кайда кетмек эле, – деди.

Чынында көптөн бери үйдө отуруп көңүлүмдү сураган киши жок, байке көңүлүмдү сураганда толкунданып көзүмө жаш алдым. Байкатпай сүртүп салдым.

– Менде да эки кызым бар, турмушка чыккан. Бирөөсү кыргызга, бирөөсү оруска турмушка чыкты. Улуу кызым турмушка чыкканда карындашымды узаткандай эле мамиле кылыпмын.  Экинчи кызымды узатып жатканда келинчегим, ойлон  экинчи кызың күйөөгө кетип жатат, болгондо да оруска деди. Ошондо ойлонсом туура  45ке келиптирмин. Анан токтолдум. Ага чейин ииий байкуш келинчегиме эмне деген күндөрдү көрсөтпөдүм. Баарына чыдады. Мына азыр мен анын көзүн карап турам. Эркектер ушундай экенбиз да.  Жанагы кыргыз күйөө баламды кызыма кошуп багып жатам. А орус тың ал. Майрам сайын келип абалымды сурап, белектерин берип кетет,  – деди.

Унчукпай угуп баратам…

– Азыр ата-энеңе барасыңбы? – деп сурады.

– Жоок, курбу кызыма, – дедим.

– Аай кызым, билем, курбу кызыма барып жашынып жатам ал мени издесин деп жатасың. Бирок,  ал үйгө келет. Сен жок. Анан дароо апаңа чалат. Ал сенин жок экениңди угуп ойлонот. Сарсанаа болот. Сени да түшүнөм кызым. Бирок, алгач жолдошуңду угуп көр, балким бир белгилүү себептер менен келбей калган чыгар. Бу аялдар силердин “женский логикаңар” укмуш да, аайиии, жок нерселерди өллө таап чыгасыңар, – деди.

Анан четке токтоп…

– Кызым, сенин татуу жашаганың керек ата-энеңе. Сен жолдошуңду жаман десең өмүр бою кыжалаат болушат.  А сен жолдошуң жакшы сүйлөп, көңүлүңдү тапса жашап кете бересиң. Мына ошонун баарын эми 50гө жакындап түшүнүп жатам, кызым.  Жүр, сени ата-энеңе алып барайын, ал жакта кечке чейин отуруп кечинде тамак жасап жолдошуңду тосуп ал. Ал сага баарын айтат. Дос кызыңа барасың, ал да сага окшош жаш. Сага кайдан акыл айтмак тескерисинче оюңду онго бөлгөн варианттарды айтат, – деди.

Ойлоп көрсөм байке туура айтат.  Апам, атамды көрүп, кечке отуруп, үйгө келдим. Апам үйгө барып тамак жасаба, мен көп жасадым деп, бир баштык толтуруп үйгө узатып койду.

Түн киргенде жолдошум келди. Унчукпадым. Өзү анан айтып баштады.

– Иий, таарындыңбы? Былтыгым – деп бетимен чымчып алды.

Сыр бербей, “чай ич” дедим.

– Кечээ, жумуштан чыгып үйгө келе жатсам достор чалып калды. Бир баланын таякеси каза болуп, моргдон алып, айылга узатышып жүрдүк. Сага чалсам телефонуң өчүк экен. Ананыраак чалам дегем. Телефондун заряды өчүп калыптыр. Машина таап айылга узатканча саат 5 болуп калды. Достор баарыбыз унаада эле уктадык. Эрте менен жумушка тарадык. Кечке сага чалдым, телефонуң өчүк болду. Ойлондум эмне болду деп. Таарыныч чапанын кийгениңди түшүндүм, – деди.

Көзүнө карасам  чындап  чарчаганы көрүнүп турат. Отуруп бир эсе жасаган кылыгыма уялып, бир эсе жиним келди.  Биз аялдар чыдамыбыз кетип,  жок нерседен тоодой нерсе жасап, шашылыш чечим чыгарган жан болот  окшойбуз.  Эркектер деле бизди ойлойт, санаа тартат бирок ичинен, сыртка чыгарбайт, билгизбейт тура…

Автор  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.