Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынды.

Ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.