Психологдор 8-мартка карата бардык аялзатына жарашкан универсалдуу белекти аташты. Эксперттердин айтымында, бардык аялдарга жаккан белек бул — аларга бөлүнгөн көңүл.

«Эгерде биз универсалдуу кеңеш жөнүндө айта турган болсок, анда бардык аялдар сөзсүз көңүл бурууну күтүшөт. Бирок анын кандайча көрүнүшү ар бир эркектен көз каранды », — деди Анна Подольская.

Эксперт аялды жылына бир жолу эмес, ар дайым бактылуу кылуу керектигин баса белгиледи. Эгерде эркек аялга бир жыл бою кайдыгер караса, анда бир күндүн ичинде анын ордун толтуруу мүмкүн болбой калат дейт.

Психолог Галина Леонтьева мамиледе көңүл, камкордук жана жылуу мамиле  негизги себеп болушу керек дейт. Ошондуктан майрамдар менен куттуктоолорду формалдуулукка айлантууга болбойт.