Бишкекте акыркы жумада кум шекер жана өсүмдүк майы кымбаттады. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин билдирди.

Бишкектин базарларында кум шекердин орточо чекене баасы 2021-жылдын 4-мартына карата 1 килограммы 60-65 сомду түздү. Бир жума ичинде баалар 3 сомго көтөрүлдү. Өсүмдүк майынын орточо чекене баасы 1 литрине 125-160 сомду түзөт. Өткөн жумага салыштырмалуу 5 сомго жогорулады.

“Бишкектин базарларында күрүч 4-мартка карата орточо баасы 65-75 сомду түзөт. Акыркы жумада орточо чекене баалар өзгөргөн жок. Сатууда импорттолгон дагы, жергиликтүү дагы күрүч бар », — деп билдиришти Экономика жана Каржы министрлиги.