Чүй Облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору чини ыйгарылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилүү болгондой, Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып бара жатканда, Курманкуловдун башына таш менен урушкан. Ага 2 ирет операция жасалган. 2019-жылдын 12-августунда дарылануу үчүн Москвага кеткен. Ал жакта дарыгерлердин жардамы менен ал өзүнө келип, өз алдынча басып, тамак жеп калган.
Эске салсак, буга чейин Кашкар Жунушалиев Курманкуловду “Эрдик” медалы менен сыйлаган.