Америкалык мушкер Кларесса Шилдс Мари-Ив Дикерди жеңип, дүйнө чемпиону макамын экинчи ирет сактап калды. Бул тууралуу «Би-Би-Си» билдирет.

25 жаштагы спортчу Дүйнөлүк Бокс Кеңешинин (WBC) жана Дүйнөлүк Бокс Уюмунун (WBO) версиялары боюнча курларды ээлеп, атаандашынан Дүйнөлүк Бокс Ассоциациясынын (WBA) курун жана Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) таажысын тартып алды.

Ошентип, Шилдс спорттук тарыхка кирип, эркектер жана аялдар арасында эки салмак категориясында (төрт кур доорунда) биринчи талашсыз чемпион болуп калды.

Шилдс The Ring жана ESPN рейтингдери боюнча дүйнөдөгү мыкты мушкер. Мындан тышкары, ал Олимпиада оюндарында эки жолу алтын утуп алган.

2020-жылдын декабрь айынан бери Шилдс аралаш мушташ (ММА) мушкери болгон. Ал Профессионалдык мушташ лигасы менен келишим түзүп, бокс боюнча мелдештерин уланткан.