Бишкекте милиция унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-мартта болжол менен саат 23:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, А.Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Кызматкерлер айдоочунун тиешелүү документтерин текшерүү учурунда 1971-жылы туулган К.К. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочусун Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.