Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Аталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат. Курулуш толугу менен «Ас-Сафа Борбору» эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды.

Санташ айылына Жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борбору үчүн 702 чарчы метр аянттагы эки кабаттуу имарат салынат. Анын курамында 16 керебеттүү стационардык бөлүм жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу болот. Курулуш иштери аяктагандан кийин ассоциация зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу инвентарларды алып бермекчи.

Кутургу айылындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун аянты 280 чарчы метр, 20 орунга ылайыкташкан. Бирикме медициналык шаймандар, гинекологиялык кресло, стоматологиялык аппарат жана керектүү эмеректер менен да камсыздайт.

Имараттардын курулушу 2021-жылдын декабрь айында бүтөт деп болжолдонууда. Жалпы суммасы 34 миллион сомду түзөт.