Жаз-жайкы мезгилдерге даярдыктын алкагында «Энесай» суу кампасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Бишкектин үч конушуна суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Атап айтканда, Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында эртең менентен баштап саат 15:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат.

Анын ичинде төмөнкү объектилер да бар:

  • № 21 муниципалдык аймактык башкармалык;
  • № 2, 2а, 4 бала бакча;
  • № 9 Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • № 20 китепкана;
  • № 7, №6 милициянын аймактык пункту;
  • №21, №94 орто мектептери;
  • «КУТ МонтажСтрой» ЖЧКсы;
  • «Ак-Илбирс» компаниясы;
  • «Бегимай-Дордой» бала бакчасы;
  • Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору, №32в «Дордой» базары.

Жаңы конуштардын тургундарына суу өчүрүлөрү туурасында муниципалдык аймактык башкармалык жана кварталдык комитеттердин жетекчилери аркылуу алдын ала эскертүү берилгени айтылат.